• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Бангладештин курамасы менен беттеште колдоп келди - сүрөт

Президент 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кечээ, 7-сентябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы менен Бангледештин курамасынын футболдук беттешине барды. Бул тууралуу президенттин басма сз катчысы билдирет.

Оюн «Үч улут кубогу» эл аралык турниринин акыркы турунун алкагында өттү. Турнирге үч курама катышып (Кыргызстан, Палестина, Бангладеш), алар өз ара бир айлампа ойношту.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Бангладештин командасын «Үч улут кубогунда» 4-1 эсебинде утту.

Оюн бүткөн соң, Мамлекет башчысы спортчуларды ишенимдүү жеңиши менен куттуктоо үчүн Кыргызстандын курамасы эс алган бөлмөгө кирди. Ал бул беттеште команда татыктуу жана кызыктуу оюн көрсөткөнүн белгиледи.

Президент Садыр Жапаров өз күйөрмандарына жагымдуу эмоцияларды тартуулаганы үчүн футболчуларга, машыктыруучуларга ыраазычылык сөздөрүн айтты.

Ал өлкөнүн улуттук курамасы мындан ары да ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку натыйжаларга жетишип, өз жеңиштери менен кыргызстандыктарды кубанта берүүсүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий