• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров Лихтенштейн Княздыгынын ханзаадасы Алоиз Филипп Марияны Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 15.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-августта, Лихтенштейн Княздыгынын мураскер ханзаадасы Алоиз Филипп Марияны жана Лихтенштейн элин улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

“Жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелер мындан ары да эки мамлекеттин элдеринин жыргалчылыгы үчүн өнүгөт деп ишенем”, - деп белгиленет куттуктоодо.

Садыр Жапаров Алоиз Филипп Марияга чың ден соолук жана мамлекеттик ишинде ийгилик, ал эми Лихтенштейн элине – тынчтык жана бакубаттык каалады.

Пикир

Оставить комментарий