• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жапаров: Өлкөдөгү туруктуулук жана мыйзамдуулук алардын ишинин сапатынан көз каранды

Президент 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. «Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай — соттор жана укук коргоо органдары биздин коомдо болуп жаткан процесстерден четте калбай тургандыгы. Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, өлкөбүздөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдүүлүк алардын ишинин сапатынан көз каранды», — деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда, Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында.

Садыр Жапаров сот жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча негизги көйгөйлөр боюнча өзүнүн көз караштары менен бөлүштү.

Ал баса белгилегендей, соттор жана укук коргоо органдары — миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт.

«Андыктан, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесипкөйлүктүн төмөндүгүн жана бир жактуулукту көрсөтүп, мыйзамдуулуктун принциптерин бузса, конкреттүү бир судья, же кызматкер гана уят болбостон, жалпы мамлекеттин беделине шек келтирилет, мамлекетке болгон ишеничке коркунуч жаралат. Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган бир чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү жана натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин», — деди Президент.

Мамлекет башчысы өлкөдө иштеп жаткан айрым эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүн эске салды, анда инвесторлордун сот жана укуктук системасына ишеничи төмөн.

«Алар биздин сот жана укуктук системабызды мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп бере албаган система катары баалашат. Мындай жагдайда биз — мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардагы биздин өнөктөштөрүбүздүн пикирлерин кунт коюп угуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал азыркы учурда зарыл иш-чараларды реалдуу түрдө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, эркибиз жетет деп терең ишенерин билдирди.

«Сот жана укук коргоо органдарында орун алган терс көрүнүштөр коомдогу укуктук нигилизимдин өсүщүнө өбөлгө түзүп, ошондон улам мыйзамга болгон урмат-сый жок болуп, мамлекетке болгон ишенбөөчүлүк күчөйт. Элибиздин „Мыйзам буйлаланган төөдөй — кайда бурсаң, ошол жака кете берет“, — деген укук коргоо органдарына жана сотторго карата калыпталып калган кабыл алуусун жеңүү үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө убакыт келип жетти. Биз конституциялык түзүлүштүн негиздеринин кол тийбестигин реалдуу түрдө камсыз кыла алатурган, укук тартипти, экономикалык мейкиндиктин биримдигин, жарандардын жана юридикалык жактардын мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын коргой алатурган сот органдарын түзүүгө тийишпиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал ошондой эле, экономиканын өнүгүүсүнө жана өлкөгө инвестициялык агымдардын кирүүсүнө өбөлгө түзгөн мүлк жана ишкердиктин субъектилеринин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары карата эффективдүү соттук коргоону камсыз кылышыбыз керектигин белгиледи.

«Ошентип, биз улуттук укук коргоо жана сот ситемасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек. Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып, эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакты-сааты келди!», — деди Садыр Жапаров

Ал баса белгилегендей, коомдук өнүгүүнүн талап-муктаждыктарын чагылдырган мыкты, төгөрөгү төп келген мыйзамдардын болушу — укук коргоо жана сот ситемасынын эффективдүү иштешинин маанилүү шарты.

«Мыйзамдар укук коргоо ишине жана сот өндүрүшүнө тоскоолдук жараткан сенек нерсе катары болбостон, заман талабына шайкеш келиши зарыл. Андыктан, мыйзамдарды сапаттуу жаңыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштер төмөндөгүдөй негизги этаптарды камтышы керек деп ойлойм:

биринчи этап — тергөө жана сот өндүрүшү маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, алардын негизги карама-каршылыктарын жана өркүндөтүүнүн баштапкы пункттарын аныктоо;

экинчи этап — мыйзамдарды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу, учурдагы, негизги, келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу», — деп баса белгиледи Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий