• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров өлкөнүн бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, өлкөнүн бир катар маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысы өзүнүн куттуктоо сөзүндө, Кыргызстан быйыл тарыхый дата — республиканын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатканына токтолду.

Садыр Жапаров республикабыздын маданий, интеллектуалдык жана рухий дараметин өнүктүрүүгө салым кошкон, өз тармактарында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген кесипкөй мекендештерибиздин эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыктардын ыйгарылып жатканын жакшы жөрөлгө, мыкты саамалык деп эсептейт.

Анын айтымында, кайсы гана өлкөнү албайлы, анын экономикасы, социалдык абалы, саясаты жана башка жагдайлары бири-бири менен тыгыз байланышып, бир бүтүн организм сыңары бири-бири менен эриш-аркак иш алпара тургандыгы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгемендик алган 30 жыл аралыгында өлкөбүздө социалдык, саясий, экономикалык бир топ окуялар — улуттук деңгээлдеги жетишкендиктер болсо, ошол эле маалда айрым тармактарыбыз өксүктөр менен коштолду.

«Бирок табиятында өнөрдү аздектей билген элибиз маданият жаатындагы көп өнөрдү заман агымы менен кошо ала жүрүп, сактап келишти. Ошентсе да жетишсиз каржылоо, эмгек акынын аздыгы, чакталуу шарт-жагдай менен катар искусствону жерде калтырбай, маданиятка аяр мамиле жасап, ата-бабалардан бери келаткан өнөр көчүн улап кетүү ошол кездин чен өлчөмүндө оңой эмес иш болчу.

Мына ошондуктан экономикабыз менен социалдык абалыбыздын чакталуу экенине карабай, маданият — бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин аңдап-түшүнүп, аны алаканга салгандай кылып аяр сактап келе жаткан өнөр ээлерине миң мертебе ыраазычылык билдирем. Мен буга чейин да айткам, дагы да кайталап айтуудан тартынбайм — биз улуттук маданиятыбызды өнүктүрмөйүн, элибиздин аң-сезимин да, жашоо деңгээлин да жогору көтөрө албайбыз. Элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, биз күчтүү, бакубат коомду кура албайбыз. Турмуш чындыгы ушундай», — деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз мезгилинде өлкөнүн маданият тармагын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалованын «Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар — кыргызды сактайсыңар», — деп айткан сөздөрүн эске салып, анда терең ой жатканын белгиледи. Ошондуктан азыркы кыргыз мууну улуулардын уркун татыктуу улап, XX кылымдагы маданият залкарлары жеткен бийиктикке жетүүгө, рухий-маданий дөөлөттөрдү кайталап жаратууга умтулушу абзел.

Садыр Жапаров кийинки кадам, бардык өнөр ээлерине терең изденүү менен татыктуу чыгарма жаратуусуна шарт түзүп берүү болорун белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө элибиз кезинде даңкы далайга кетип, «кыргыз керемети» деп атыккан ажайып көркөм фильмдерге, рухий жардылыкты толтуруучу көркөм адабиятка, муундар тажабай уккан музыкаларга, көркөм сүрөт искусствосуна муктаж болуп турганына өзгөчө көңүл бурду. Ал бул боштукту маданият ишмерлерин колдоого алуу менен толтурабыз деген илгери үмүт, изги максат, иштиктүү пландар бар экенин белгиледи.

«Эми биз — мамлекет башындагылар күчтүү, бакубат кыргыз коомун курабыз десек, элдин аң-сезимин адабият менен маданияттын таасиринде калыптандырып, руханий дүйнөбүздү байытышыбыз кажет. Ал үчүн менин „Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө“ деген алгачкы Жарлыгым дагы дал ушул максатка багытталган», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Мындан сырткары, Президент стратегиялык өнөктөшүбүз саналган Россиянын Кыргызстан менен эриш-аркак жылынын алкагында маданият жана искусство жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоого жана өнүктүрүүгө зор салым кошкон инсандарды белгиледи. Өзүңүздөр билесиздер, эки элдин алака-катышын көркөм өнөр менен коштоп жакындатуу, эки мамлекеттин тыгыз кызматташтыгына, бузулгус ынтымагына өбөлгө-шарт болуп берет. Мындай инсандардын эмгектерин дагы белгилеп, баалоонун өзү эле чоң маданиятка кам көрүү десек жаңылыштык болбос.

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Россиянын эл аралык маданий кызматташтыгын арттырууга данакер болгон, эки элдин достугун бекемдөөгө салым кошкон инсандарга ыраазычылык билдирди.

Сөзүнүн соңунда мрезиденти Садыр Жапаров маданият чеберлерине кайрылып, элибиздин жан дүйнөсүн байыткан жаңы-жаңы чыгармаларды жаратууну улантуусун өтүндү. Президент бардыгына бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий