• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи

Президент 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулуктун алдында сүйлөп жатып, өлкөнүн экономикалык өсүшүн камсыздоо үчүн биринчи кезектеги милдеттерди белгиледи.

Мамлекет башчысы «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана «Ишкерлерди коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө» алгачкы жарлыктарын эске салып, жакынкы аралыкта бул жарлыктарды аткаруунун жүрүшүнө баа берилерин, ар бир тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жооп беришерин айтты.

Президент ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кепилдиктерди берүүнүн олуттуу системасы түзүлбөсө, алар өлкөнүн экономикасына каражат салууга кызыкдар болбостугун баса белгиледи. Ишкерлер келечекке жана өз инвестицияларынын корголушуна ишениши шарт, антпесе өлкөдөн «капиталдын агып кетишин» токтотуу мүмкүн эмес.

Садыр Жапаров белгилегендей, экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн бир нече милдетти ишке ашыруу зарыл. Биринчи милдет — экономикалык субъекттерге антикризистик колдоо көрсөтүү, алардын ишине түрткү берүүчү чараларды жана чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткарылышын камсыздоо. Анын ичинде өлкөбүздүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Ал үчүн соода жаатындагы негизги өнөктөш мамлекеттер арасында товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо жана вакцинация маселесин чечүү. Экинчи милдет — мамлекетке инвестициялардын келишин жогорулатуу жана жумушчу орундарын түзүү.

«Үстүбүздөгү жылдын 5-майындагы Кыргызстан элине кайрылуумда республиканын экономикалык өнүгүүсүнүн мындан аркы пландары жөнүндө көз карашымды айтып кеткем. Биз экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, соттук, укук коргоо, транспорттук-логистикалык жана тышкы соода саясатын өркүндөтөбүз. Ал эми санариптештирүүнү ар бир жарандын турмушуна таасир этишин камсыз кылабыз. Башкаруу жана кызмат көрсөтүү процесстери толугу менен автоматташтырылат. Биз өсүп-өнүгүүнүн жаңы пайдубалын түптөө үчүн жаңы эрежелердин негизинде иш алып барабыз», — деп айтты Садыр Жапаров.

Президент ириде, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсү чечкиндүү түрдө кыскартыларына жана жагымдуу, адилеттүү шарттарды түзүүгө бүт күч-аракеттер жумшаларына токтолду. Бул үчүн олуттуу кадамдар жасала баштады.

Анын айтымында, акыркы убакта бизнес чөйрөсүнүн фискалдык жана укук коргоо органдарына нааразылыгы кескин күчөп, ал ортодо маалымат мейкиндигинде «ишкерлерге жана инвесторлорго кылмыш иши козголду» деген маалыматтар байма-бай кайталанып, токтобой жатат. Укук коргоо жана фискалдык органдар тар кызыкчылыктарды көздөгөндөн улам, иштеп жаткан ири ишканалардын иши токтоп калгандыгы тууралуу фактылар жок эмес. Укуктук нормалардагы карама-каршылыктар ишкерлерге каршы колдонулуп, соттук териштирүүлөргө себеп болууда.

«Салык кызматы болсо пландык текшерүүлөр кыскарууда деген маалымат бергени менен, пландык эмес жана ички текшерүүлөр көбөйүп жатканын тастыктаган маалыматтар бар. Салык кызматы тарабынан жүргүзүлгөн мындай көп сандагы текшерүүлөр тергөө органдарынын көрсөтмөлөрү жана өтүнүчтөрү боюнча ишке ашырылып жатат деп айтылууда, бул маалыматтар бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Буга байланыштуу мамлекет башчысы Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен, бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтык чыкканын жана аны жоюу тууралуу чечим кабыл алынгандыгын баса белгиледи. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болду. Ошону менен бирге, 2021-жылдын 1-октябрына чейин жаңы Салык кодексин, ошондой эле социалдык төлөмдөрдүн тарифтерин төмөндөтүү боюнча жаңы мыйзам иштеп чыгууну, аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий