• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү менен куттуктайм!

Быйыл өлкөбүз көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын майрамдайт. Ушул жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө жана элдин бакубат жашоосуна маанилүү салым кошту.

Бүгүн мамлекеттик жана муниципалдык органдарда тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, кесипкөй адамдар эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатканы кубандырат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасынын бардык кызматчыларына мамлекеттин чоң көңүл буруп турганы өтө маанилүү. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Сиздер көтөргөн демилгелердин, аткарып жаткан иштериңиздердин аркасында мамлекетибиз өнүккөн, гүлдөгөн өлкөгө айланат деген зор ишеним бар.

Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, жооптуу ишиңиздерге, эңсеген ой-максаттарыңыздарды жүзөгө ашырууда ийгилик, ыйык Кыргызстаныбызга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий