• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын негизги максаты мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн укуктук шарттарды түзүү жана МЖӨ субъектилери үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү болуп эсептелет.

Ошондой эле, мыйзам материалдык жана материалдык эмес активдер түрүндө МЖӨ долбоорун ишке ашырууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн караштырат.

Мыйзам менен МЖӨ долбоорлорун пилоттук түрдө ишке ашырууну жөнгө салган «кум аянтча долбоор» атайын жөнгө салуучу режими каралган, ошондой эле МЖӨ долбоорун демилгелөө жол-жоболору жана конкурстарды өткөрүүнүн стадиялары жакшыртылды.

Пикир

Оставить комментарий