• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров Матраимовдун кармалышы боюнча айың кептерге түшүндүрмө берди

Президент 0

Бишкек, 22.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышы боюнча соцтармакта тараган айың кептерге түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, Райым Матраимов 20-октябрда кармалып, УКМКга алып келинди.

"Ал жерден тергөө кызматы менен кызматташууга кол койду. Матраимов дароо эле 80 млн сомду төлөдү. Калган 2 млрд сомду ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүү боюнча милдеттенме алып, үй камагына чыгарылды. Аны 5 секундда эле эл талап кылса камап койсок болот. Бирок камап койгон менен маселе чечилбейт. Буга чейинки коррупцияга аралашкан иштери, мүлкүн териштиргенче көп жылдар талап кылынат. Анын мүлкүн конфискациялоо соттун чечими менен болот. Эсептери түрмөдө отурганына байланыштуу жабылып, бир дагы адам эсептен каражат ала албай калат. Ошондуктан ушундай чечимге бардык", - дейт премьер-министр.

Жапаров бул чечимди туура деп эсептерин билдирди.

"Матраимов үй камагында кайтарууда болот. Чет жерге дагы чыга албайт. Буга чейин канчалаган коррупционерлер кармалган. Алардын бирөө дагы акча төккөн эмес. Мисалы, Алмазбек Атамбаев, Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов сыяктуулар кармалып, бир дагы тыйын төккөн жок. Аларды мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Матраимовду камап койсок, жылдап аны багып жата беребиз. Андан көрө башкача ыкманы туура деп таптым. Революция болгон өлкөлөрдү көргөнбүз. Алар дагы экономикалык амнистия берип, "уурдап алган акчаларды төгүп бергин" деген келишимдерге барган. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн ушундай кадамга бардым. Ал эми сүйлөшүп алыптыр деген ушак сөздөр бизди каралап жаткан адамдардын сөзү. Бул 3 күндүн жыйынтыгы. Алдыда тергөө иштери бар, изилдешет, карайт. Алдыда дагы жыйынтык чыгарабыз", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий