• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жапаров “Мен кыйынмын” деп жүргөндөр камалганын жана бул коркутуу эместигин айтты

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

“Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү - мэр, аким, айыл өкмөт башчылары жана башка кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылган фактылар көп кездешүүдө. 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жергиликтүү бийликтин 46 башчысы жоопкерчиликке тартылган. Жетишет го дейм! Бардык жетекчилер элдин башын айлантып, “эптеп убакыт өткөрсөк баары унутулат” деп жүрүп, 30 жылдан бери телчигип, өнүгүү жолуна түшө албай келе жатабыз”, - дейт президент.

Жапаров жаңы келген адамдын да башын айлантып, аны коррупцияга аралаштырып салган схемалар түзүлгөнүн белгиледи.

“Көрүп жатасыңар, “мен кыйынмын” деп жүргөн мамлекеттик чоң кызматтарда иштеген канчалаган адамдар камалып, келтирилген зыяндардын ордун толтуруп жатышат. Бул силерди коркутуу сөздөрү эмес, бул – элдин качантан бери коюп келген талабы. Мисалы, бир эле УКМКнын Антикорупциялык кызматы коррупцияга каршы күрөшүүдө 2020-жылдын октябрынан баштап ушул күнгө чейин мамлекетке келтирилген зыяндын эсебинен 7,5 млрд сомду кайтарды”, - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетсек, Республикалык кеңешменин ишине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий