• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров менен Эрдоган КРнын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты

Президент 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жана Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 9-июнда, Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, бул сүрөт көргөзмөсү Түркия Республикасынын президентинин администрациясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Мамлекет башчылары Кыргызстандын географиясы, тарыхы, маданияты, жаратылышы, сыймыктуу жерлери жана салттуу турмушу жөнүндө кыскача маалыматтарды камтыган уникалдуу сүрөттөрдү кызыгуу менен көрүштү.

Пикир

Оставить комментарий