• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаров менен Эрдоган террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада кыргыз кесиптеши Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча бирдиктүү маалымат жыйынында жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер террористтик уюмдарга каршы күрөшүүнү талкуулашканын билдирди, деп жазат Haberler.com.

Анын айтымында, Фетуллах Гюллендин (FETÖ) террористтик уюму Түркияга дагы, Кыргызстанга дагы коопсуздукка коркунуч туудурат. “Биз FETÖ эки өлкөнүн тең улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деген бүтүмгө келдик”,-деди Эрдоган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына комментарий берип жатып.

Түрк лилери FETÖго каршы күрөшүүдө Анкара менен Бишкектин кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Акыркы окуялар FETÖ террорчуларынын кандуу, караңгы жана ыпылас жүзүн дагы бир жолу көрсөттү. Биз биргеликте алардын бардык коркунучтарына жооп беребиз. Мен дагы бир жолу Түркиянын Кыргызстандын элине жана мамлекетине колдоосун билдирдим. Биз Кыргызстандын саясий туруктуулукка карай жолунда дайыма анын жанында болобуз”,-деди Эрдоган.

Анын айтымында, жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер террористтик уюмдарга, анын ичинде FETÖго каршы күрөшүү, андан тышкары аймактык кызматташтыкты талкуулашты. “Биз Кыргызстан менен боордоштук байланышыбызды мындан ары дагы бекемдөөгө үмүттөнөбүз. Муну сүйлөшүүнүн жүрүшүндө бекемдедик. Террорчулукка, биринчи кезекте FETÖго каршы күрөшүүдөн тартып, аймактык кызматташтыкка чейинки бардык маселелерди талкууладык”,-деди түрк лидери.

Пикир

Оставить комментарий