• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров менен Лукашенко кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты

Президент 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, өлкө лидерлери кыргыз-беларус эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал боюнча пикир алмашышты.

Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча жемиштүү өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты

Пикир

Оставить комментарий