• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров менен Мамин кыргыз-казак кызматташтыгын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү орун алды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровду жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишиндеги ийгиликтерди каалады, ал эми Кыргызстан элине туруктуулукту жана гүлдөп-өнүгүүнү каалап кетти.

Андан соң Өкмөт башчылары эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын талкуулады.

Тараптар келечекте эки өлкө аралык өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстан жана Казакстан ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, жакшы коңшулаш мамиленин чыңдалышына ишеним билдирди.

Белгилесек, телефондук сүйлөшүүлөр жылуу, достук маанайда өтүп, эки өлкө ортосундагы бардык маселелер өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилери макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий