• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров менен Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү — эмнени талкуулашты?

Өкмөт 0

Бишкек, 19.08.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Өзгөчө басым үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Кыргызстандын төрагалыгы астында Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө жасалды.

Пикир

Оставить комментарий