• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев кызматташуу кадамдарын талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 13.11.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө күн тартибинде турган эки тараптуу маселелер жана эки мамлекеттин ортосундагы жакынкы келечектеги кызматташуу кадамдары талкууланды.

Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаевге коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле президенттин милдетин аткаруучу Кыргызстандын Казакстан менен саясий кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө чечкиндүү түрдө ниеттенгендигине ишендирди.

Соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан менен Казакстан ынак коңшу, ишеничтүү дос, стратегиялык өнөктөш жана союздаш экенин дагы бир жолу белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий