• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 14.01.22. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президенти президент Садыр Жапаровго Казакстанда болуп өткөн кайгылуу окуяларда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингентинин өлкөдөн чыгарыла баштаганы тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчылары кыргыз-казак эки тараптуу жана аймактык кызматташуунун бир катар актуалдуу багыттарын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий