• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Садыр Жапаров: Менин максатым – элибиздин көйгөйлөрүн чечүү

Президент 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. «Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү, ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Садыр Жапаров эки өлкөнү тарыхый жана маданий жалпылыктар, ошондой эле илгертен бери келе жаткан достук мамилелер байланыштырып тургандыктан, Россия Федерациясына мамлекет башчысы катары биринчи иш сапары менен келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, эки өлкөнүн бирдей кызыкчылыктары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка көптөгөн тармактарга таасир этет.

Мамлекет башчысы Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу айтып берди.

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгиледи.

Президент мамлекеттин негизги милдеттеринин бири чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу колдоо болушу керектигине токтолуп, бул багытта ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Буга байланыштуу, эң биринчилерден болуп «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол коюлганын билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашуу 2021-жылдын 1-январында күчүнө киргендигин жана 2022-жылдын январынан тарта Россияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе боло тургандыгын маалымдады.

Аны менен бирге, президент ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө эмгек стажы дагы эске алынарын, Биримдиктеги өлкөлөрдүн ортосунда документтердин жана сертификаттардын тутуму интеграцияланып жаткандыгын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө, туракжай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурду.

«Казакстанда бул багытта „кабарлоо тартиби“ деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий