• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай автожолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган жолдун курулушунун негизги максаты — Баткен облусунун Ак-Сай айылына чейин Тажикстан Республикасынын аймагын айланып өтүүчү автожол каттамын камсыз кылуу.

Миң-Булак — Чорго — Ак-Сай жолунун узундугу 48 км. Азыркы учурда 7 км жолдун жумуштары башталып, ашуудагы тилкенин долбоордук-сметалык документациясы даярдалды.

Мамлекет башчысы альтернативдик айланма жол катары стратегиялык мүнөзгө ээ болгон Ак-Сай айылына чейинки жолдун курулушуна чоң маани берди.

Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшүнүн жана туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналган ички жолдорду куруу зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий