• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров Молдованын президенти Майя Санданы Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 27.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта, Молдова Республикасынын президенти Майя Санданы Молдова Республикасынын Улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Өлкөлөрүбүздүн өз ара кызматташуусу кыргыз-молдова мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталат деп терең ишенем. Сизге чың ден соолук, бакубаттык жана жоопкерчиликтүү кызматыңызга ийгиликтерди, ал эми Молдованын элине — тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо жолдомосунда.

Пикир

Оставить комментарий