• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров Нарында жаңы дайындалган жетекчилерди так жана ак ниет иштөөгө чакырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.07.22./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусунун Кочкор районунун жаңыдан дайындалган акими Эрмекбай Омошевди эмгек жамаатка тааныштырды.

"Нарын облусуна да бүгүн жаңы жетекчи дайындалды. Экөөңөр тең так жана ак ниет иштеп, Нарынды ар тараптан өнүктүрүүнүн бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонушуңар керек. Бизге азыр ынтымак жана биримдик керек, бөлүнүп жарылбайлы", - деди Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда акимдерди ротациялоо ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгилеген Акылбек Жапаров аймактарда мурунку кызматтык үйлөр кайра жаңыланарын кошумчалады.

"Райондук жана облустук деңгээлде жакында сотторду жана район прокурорлорун ротациялоо ишке ашты. Региондогу мурунку мамлекеттик кызматтык үйлөр менчиктештирилип кеткен. Анын ордуна Президентибиздин демилгеси менен жаңы кызматтык үйлөрдү курууга кириштик. Пилоттук долбоор катары алгач Түп районуна жетекчилер үчүн 5-6 үй куралы деп жатабыз. Элибиз да, жерибиз да бир. Жер алмаштырып бөлүнбөй элге кызмат кылалы. Экономикабыз көтөрүлсө алдыда мектеп директорлорун жана ооруканалардын башкы дарыгерлерин да ротация жолу менен иштетүүгө барабыз", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунун акими Курманбек Камчыев ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий