• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жапаров окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Илим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Куттуктоо сөзүнүн тексти:

«Урматтуу окумуштуулар, илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлер!

Сиздерди Кыргызстанда салттуу түрдө белгиленип келе жаткан кесиптик майрамыңыздар — Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекеттин дүйнөдөгү орду, социалдык-экономикалык абалы, элинин маданий деңгээли андагы илим менен билимдин абалына көз каранды экендиги белгилүү. Ошондуктан өнүгүүнү көздөгөн мамлекеттин негизги багыттарынын бири болуп ийгиликтүү инновациялык чөйрөнү түзүү, келечектүү изилдөөлөрдү жана таланттуу окумуштууларды колдоо эсептелет. Илим улуттук ресурс катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты болуп саналат.

Азыркы татаал шартта Кыргызстанда илимди сактап калган Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана тармактык илимий мекемелердин кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүшү керек. Бардык илимий коомчулукка — академиктерге, илимдин докторлору менен кандидаттарына, аспиранттарга жана илимий мекемелердин кызматкерлерине жасаган эмгектери, тандаган ишине өмүрүн арнап, чыгармачылык күч-кубатын жумшап, жүргүзүп жаткан иши үчүн чын ниеттен ыраазычылыгымды билдирем!

Албетте, мамлекеттин негизги милдети илимий кызматкерлерибиздин ишмердүүлүгүнө жакшы шарт түзүп берүү болуп саналат. Мамлекет фундаменталдык жана колдонмо илимдин кадыр-баркын көтөрүүгө, илимий чөйрөнүн, илимдин жана коомдун ортосундагы байланышты бекемдөөгө жана илимий-инновациялык саясатты өркүндөтүүгө тийиш. Жаш адистерге колдоо көрсөтүүнү мындан ары да күчөтүү зарыл. Алардын таланты, жаштык жигери өлкөгө кызмат кылышы керек. Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Исхак Раззаков сыяктуу чыгаан коомдук-саясий ишмерлер илим-билимге жакшы көңүл бөлүшкөн. Биз ошол улуу инсандардын жолун жолдойбуз.

Илимге болгон мамилени өзгөртүп, аны бизнести, өндүрүштү инновациялык жол менен өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карай турган болсок, ата-мекендик илимдин статусу өзгөрөт деп ойлойм. Илимпоздор өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, көкүрөгүндөгү терең ишеними менен тынбай эмгектенип, жаңы тарыхты жаратып жатат. Акыркы жылдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй, илим бир жерде туруп калган жок, жаңы идеялар ишке ашырылып, мамлекеттик буйрутмалар аткарылууда. Коронавирус инфекциясы тараган оор мезгилде окумуштууларыбыз региондорго жардам берип, элибизге тирек болуп беришти.

Өлкөбүздүн бардык окумуштууларын, илимий кызматкерлерин Илим күнү менен куттуктайм! Мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн жүргүзүп жаткан илимий-изилдөө ишиңиздердин ийгиликтүү болушун каалайм!»

Пикир

Оставить комментарий