Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны издөө боюнча тергөө-оперативдик иштерди күчөтүүнү жана кошумча күчтөрдү тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчысы укук коргоо органдарына Кыргызстандын жаранынын жерин аныктоо боюнча тиешелүү издөө иш-чараларын жүргүзүүнү тапшырды.
Эске сала кетсек, буга чейин укук коргоо органдары Бишкекте «Сапат» («Себат») билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды дайынсыз болуп жаткандыгын билдиришкен.
Пикир
Оставить комментарий