• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров Пакистандын президенти Ариф Алвини өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 14.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвини жана жалпы Пакистан элин улуттук майрамы — Эгемендүүлүк күнү менен жеке өзүнүн жана Кыргызстан элинин атынан куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелер эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Ариф Алвиге бекем ден соолук, узун өмүр жана ишине албан-албан ийгиликтерди, ал эми дос мамиледеги Пакистан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий