• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаров: Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз эркиндигин чектөө эмес

Президент 0

Бишкек, 28.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президенттик башкаруу – адам укугун басынтуу, сөз жана ой эркиндигин чектөө дегендик эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүү аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Жапаров негизги максат - мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу экендигин билдирди.

"Тар, өзүмчүл кызыкчылыгы үчүн элибиздин байлыгын тоноп, уул-кыздарын кордоого аракет жасаган жеке басарлык, үй-бүлөлүк башкаруу эмнеге алып келээрин, аягы эмне менен бүтөөрүн жакшы билебиз. Ошондуктан, дагы бир мертебе кайталап кетейин, президенттик башкаруу – калың элдин алдында керт башы менен жооп берүү. Аны менен бирге, президенттик башкаруу – өлкөнүн өнүгүшүнө багытталган саясий-экономикалык программалардын, өкмөттүн алдына коюлган жана башка иш-чаралардын үстүнөн бекем көзөмөлдү, ошол иш-чаралар үчүн жооптуу структуралардан иштин натыйжасын талап кылууну да билдирет", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо өтүп, анда Садыр Жапаров 79,2% добуш менен жеңип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий