• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын билдирди

Президент 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен болгон жолугушуу учурунда алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербей тургандыгын билдирди.

Ал буга чейин президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдиргенин айтып өттү.

«Мен буга чейин билдиргенимдей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укуксуз. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам», - деди Жапаров.

Ошондой эле ал шайлоо өнөктүгүндө административдик ресурсту колдонууга жол берилбей тургандыгын белгиледи.

«Шайлоолордогу эң жаман, элдин бөтөнчө кыжырын келтирген көрүнүш – бул административдик ресурс. Мен өзүм муну менен биринчилерден болуп күрөшөм. Буга чейин эч бир кызматтык коррупциялык иштерге аралашкан жокмун. Тескерисинче анын курмандыгынын бири мен болдум. Элдин үнүн бийликке жеткирем деп жүрүп – камалдым. Бирок Кудай бар экен, элим бар экен – баарын орду-ордуна коюп койду. Элден айланса болот. Баарыңыздарга түбөлүк башымды ийип таазим этем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий