• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров президенттин кызматтан кетүүсү тууралуу: Маселени бүгүн аягына чыгарабыз

Өкмөт 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Жаңы дайындалган премьер-министр Садыр Жапаров журналисттерге президенттин кызматтан кетүүсү тууралуу оюн билдирди.

Анын айтымында, бүгүн ал президент менен жолугушуп, бул маселе аягына чыгарылат.

"Мен сиздерден чыгып, президент менен жолугам. Бул маселени сүйлөшүп, такташып чечишебиз. Менимче эң биринчи келишимге келишибиз керек. Ал кырдаал мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин арызымды жазып, экс-президент болуп калайын деген. Мен ошол чечимди сунуш кылам. Аны кандай кабыл алат, ал өзүнүн иши", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий