• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров Россиядагы кыргыз студенттерине: Силер - өлкөнүн келечектеги өнүгүшүнүн негизги күчү болосуңар

Президент 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, Москва шаарындагы мекендештер менен жолугушууда кыргыз студенттерине кайрылды, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысы Россиянын окуу жайларында 16 миңден ашык кыргызстандыктар билим алып жаткандыгын, алардын дээрлик жарымы квота боюнча бюджеттик негизде окуп жатышканын белгиледи.

«Силер — жаңы муун, Кыргызстандын келечектеги өнүгүшүнүн негизги күчү болосуңар. Силердин билимиңер — бул чоң ресурс. Окууну аяктагандан кийин мекенге кайтып келип, өлкөбүздүн көптөгөн тармактарынын жана секторлорунун өнүгүшүнө салым кошууга чакырам», — деп айтты Садыр Жапаров.

Ал мамлекеттик кызматкерлерди тандоо системасын өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кеңири токтолуп, анын натыйжасында жакшы билим алып, өлкө үчүн ак ниет иштеп берүүгө даяр бүтүрүүчүлөр мамлекеттик кызматтарга орношууга мүмкүнчүлүк алышарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров алдыга койгон бардык максаттарга жана милдеттерга биргелешкен күч-аракеттер менен гана жетишүүгө болорун айтып, мекендештерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана үй-бүлөлөрүнө кең келечек каалады.

Пикир

Оставить комментарий