• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров: Сот системасы жана укук коргоо органдары коомдун негизги баалуулуктары - адилеттик жана эркиндикти тебелеп-тепсөөдө

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Сот системасы жана укук коргоо органдары кыргыз коомчулугунун негизги баалуулуктары болгон адилеттикти жана эркиндикти тебелеп-тепсешүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын иши бүгүнкү күндө адам укуктарына жана адам коопсуздугуна коркунуч келтирген тобокелчиликтердин негизги булагы болуп калды.

“Сот системасы жана укук коргоо органдары кыргыз коомчулугунун негизги баалуулуктары болгон адилеттикти жана эркиндикти тебелеп-тепсешүүдө.

Мен эмне себептен мындай болуп жаткандыгынын эки негизги себебин көрүп турам. Биринчиси, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун жана соттордун позициясын жана мамилесин алдын ала аныктаган, терең тамырлаган "күнөөлүү кишинин презумпциясы". Алар болгон окуяны толук иликтебей туруп, алдындагы адамды дароо эле кылмышкер катары көрүп, дароо эле күнөөсүн далилдей башташат.

Андан соң сот өкүмү чыга электе эле пресс-маалыматтар адамдарга эң оор кылмыштар тагылып, айыпталып жатканын жазып, жарыялап чыгышат! Тергөө иши күн мурунтан эле айыптоочу тарапта болбостон, ишти калыс иликтеп, сот адилеттүү болушу керек”, - деди Жапаров.

Өлкө башчы белгилегендей, экинчи себеби — тергөөчүдөн каалаган корутундуну, соттон болсо кандайдыр бир өкүмдү сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берген коррупция.

“Көп жылдардан бери укук коргоо органдарын, сотторду реформалоо жөнүндө айтылып келет, бирок ушул күнгө чейин бул кырдаалды өзгөртүү боюнча натыйжалуу иш жасалган жок.

Мыйзамдын үстөмдүгү орномоюн, биздин жарандардын коопсуздугуна кепилдик берилмейин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшү мүмкүн эмес.

Ошондуктан, биринчиден, укук коргоо системасын реформалоо эң оболу мыйзамдын кадыр-баркын калыбына келтирүүгө жана жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин арттырууга багытталууга тийиш.

Экинчиден, кадрдык саясатты түп-тамырынан бери өзгөртүү жана өркүндөтүү, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу”, - деп кошумчалады президент.

Жапаров жаранды негизсиз айыптаса, милиция кызматкерлеринин, тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жеке жоопкерчилигин, кылмыштык жана материалдык жоопкерчиликтерин аныктоо зарыл экендигин баса белгиледи.

“Өтө татаал болсо дагы баардык мыйзамдарды инвентаризациялоо башталды, ушул иш натыйжалуу болот деп ишенем, мамлекеттик органдарга аны сапаттуу аткарууну тапшырам.

Акыркы учурларда калктын аялуу катмарларына, айрыкча аялдарга, балдарга, ошондой эле менчикке кол салуу сыяктуу кылмыштар коомчулукта чоң резонансты жаратууда. Мындай кылмыштар үчүн жоопкерчиликти катаалдаштыруу керек деп эсептейм. Ошондуктан мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү даярдоону тапшырдым.

Ошону менен катар эле, майда кылмыштуулукка байланыштуу мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча да ишти улантуубуз керек. Ал үчүн керектүү укуктук негиздер бар.Тергөөнүн жана соттун мындай кылмыштарды туура квалификациялоосуна жетишүү керек”, - деп билдирди өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий