• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 14.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Стамбул шаарындагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

"Түркиянын Стамбул шаарынын Истиклял көчөсүндөгү жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасы бул террордук актыны кескин түрдө айыптайт жана эл аралык коомчулуктун террорчулукка каршы күрөшкө багытталган аракеттерин толугу менен колдойт.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада айыгып кетишин тилейм",- деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий