• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жапаров студенттерге президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде: Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер

Президент 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. «Сиздер Кыргызстандын келечегисиздер! Эртең эле өлкө тагдырын өз колуңуздарга аласыздар. Бул улуу милдет жана чоң жоопкерчилик», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-декабрда, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, быйыл өлкөнүн бардык университеттеринен 80 студент президенттик стипендияга ээ болушту.

Мамлекет башчысы жолугушууда аларды окуудагы жетишкендиктери менен чын жүрөктөн куттуктап, эмгеги жана өжөрлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн алдыңкы жогорку окуу жайларында терең билим алып, башка жаштарга үлгү болуп, президенттик стипендияга татыктуу болгонуңуздар баарыбызды кубандырат.

Сиздер Кыргызстандын эң мыкты студенттери экениңиздер талашсыз. Албетте, бул ийгиликке эмгекчилдигиңиздер, намыскөй эркиңиздер жана бийик атуулдук сезимиңиздер аркылуу жеттиңиздер деп эсептейм.

Өз кезегинде орустун атактуу дарыгер-хирургу Николай Пирогов: „Жаштар — биздин барометр“, — деп так жана таамай аныктама берип кеткен экен. Бул — калетсиз айтылган учкул сөз. Деги эле мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшү коомубуздун тазалыгына жана жаш муундардын алган сапаттуу билимине, тандаган кесибине, маданиятына, ыйман-ынсабына түздөн-түз көз каранды», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент болочок адистерге учурда өлкөдөгү бүтүндөй билим берүү түзүмүн: бала бакчалардан тарта жалпы билим берүүчү орто мектептерди, жогорку жана орто кесиптик окуу жайларды реформалоо боюнча программа кабыл алынып, ишке ашыруунун жол-жоболору каралып жатканын айтып берди. Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуунун мезгил талабына жооп бере турган жаңы программаларын иштеп чыгуу, ага ылайык адис-кадрларды даярдоо, мугалимдер менен окутуучулардын эмгек акыларын көтөрүү маселелерин чечүү боюнча иш-аракеттер күчөтүүлүүдө.

Мамлекет башчысы баса белгилегендей, убакыт канчалык ылдам өтүп жатса, билим берүү, илим да ошончолук тездик менен өсүүдө. Ошондуктан өлкөбүздөгү билим берүү тармагы заманбап техниканын жана технологиялардын коштоосу менен өөрчүп, коомду санариптештирүү жүрүп жатканына баарыңар күбөсүңөр.

Дагы бир бөтөнчө көңүл бөлө турган жагдай — мүмкүн болушунча көп тилдерди үйрөнүү маселеси.

«Бул — мезгил талабы. Арийне, биринчи кезекте мамлекеттик тилибизди, андан соң башка тилдерди өздөштүрүү абзел. Элибиздин керегине жараган инсандардан болушуңуздарга тилектешпиз. Сиздерге болгон үмүтүбүз, ишеничибиз чоң. Билим жолундагы сапарыңыздар байсалдуу болсун! Сиздерге ак жол!», — деп сөзүн жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров студенттерге ийгиликтерди жана бардык жакшылыктарды каалады.

Пикир

Оставить комментарий