• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Президент сынга кабылган «Манастын уулу Семетей» тасмасы боюнча пикирин билдирди

Президент 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына учурда Ысык-Көлдө тартылып жаткан «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасы боюнча өз пикирин билдирген.

Мамлекет башчысы өз билдирүүсүндө тартылып жаткан тасмада анын аты аталып жаткандыктан пикирин билдирип коюуну чечкендигин жазган.

«Кинорежиссёр Өмүрзак мырза (реди.: тасманын продюсери жана сценаристи Өмүрзак Төлөбеков) менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям?

Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом.

«Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, аксакал-көк сакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз» деген шарт койгом.

Сабырдуулук кылып күтө тургула.

Ар нерсенин өзүнүн убагы келет», - деп жазган президент Жапаров.

Эске сала кетсек, Ысык-Көлдө “Манастын уулу Семетей” тасмасы тартылууда.

Пикир

Оставить комментарий