• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Садыр Жапаров Гурбангулы жана Сердар Бердымухамедовдор менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын азыркы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Түркмөнстандын азыркы президенти менен баарлашууда Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду үстүбүздөгү жылдын 12-мартында президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жеке көңүл бургандыгы үчүн Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык билдирди. Гурбангулы Бердымухамедов менен парламенттин жогорку палатасынын Төрагасы катары конструктивдүү байланыштарды улантууга даяр экени айтылды.

Тараптар регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Ошону менен бирге, президент Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, мамлекеттик жогорку кызматта чоң ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Садыр Жапаров Түркмөнстандын шайланган президенти Сердар Бердымухамедовду 2022-жылдын 21-июлунда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүү пландалып жаткан Борбордук Азия Мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий