• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жапаров Талас облусундагы «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды

Президент 0

Бишкек, 29.08.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКсы Киров суу сактагычынын төмөнкү бөлүгүндө «Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыра баштаганы маалымдалды.

Жол картасына ылайык, долбоор 2022-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилиши керек.

»Бала-Саруу» ГЭСи Талас облусундагы Киров суу сактагычы курулгандан бери пайдаланылбай келген гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

»Бала-Саруу» ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВтс электр энергиясын өндүрөт.

Иштелип чыккан техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, ага керектелчү каржылоо булактарынын көлөмү — 22,9 миллион АКШ долларын түзөт. Учурда аны каржылоо боюнча маселе Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен чечилип жатат жана маселе өнүккөн фазасында.

Бул долбоордун максаты энергетикалык компаниялардын кирешелүүлүгүн жогорулатуу эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү болуп саналат. «Бала-Саруу» ГЭСи электр тармактары үчүн жагымдуу жана ишенимдүү иштөө режимин түзүп берет.

Садыр Жапаров баса белгилегендей, мамлекет энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат, себеби ал экономиканын негизи жана калктын жашоо шартын жакшыртууга салым кошкон башкы тармактардын бири.

»Жаңы ГЭСтерди куруп, экономиканы өнүктүрүү, ошол эле учурда жаратылышты сактап калып, келечек муунга бузбай этпей өткөрүп берүү биздин башкы милдетибиз.

Азыркы тапта энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу негизги максаттарыбыздан болуп турат. Бүгүнкүдөй шартта бул максаттарга жетүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр жумшалууда.

Мунун алкагында бүгүнкү күндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилейм. Бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп жаткан мекенчил, тажрыйбасы мол азаматтарыбыздын аракети менен өлкөбүздүн аймактарында чакан ГЭСтердин курулуп жатышы, албетте, кубандырбай койбойт», — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, тармактык ири долбоорлорду ишке ашыруу келечекке болгон маанилүү кадамдардын бири. Андыктан бүгүн Кыргыз Республикасынын энергетикасынын тарыхында жаңы барак ачылууда.

Садыр Жапаров «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушу мамлекеттик генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатуу үчүн чоң дем берет, ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзөрүнө ишенимин билдирди.

Бала-Саруу ГЭСинин иштөө режими Киров суу сактагычынын сугат режими менен синхрондоштурулуп, акыркы технологияларды колдонуу менен заманбап жабдуулар орнотулат. Плотинанын механикалык жабдуулары модернизация болот.

Ошондой эле Киров суу сактагычына агып келген жана алып чыккан суунун көлөмүн эсепке алуунун эң жаңы системалары киргизилет. Бул чаралардын бардыгы Киров суу сактагычынын ишин кыйла жакшыртат жана сугат үчүн суунун топтолгон көлөмүн сарамжалдуу пайдаланууга жардам берет.

Анын айтымында, жаңы ГЭСти долбоорлоо жана куруу, монтаждоо иштерин ата мекендик компаниялар жүргүзөт.

Аталган долбоор ишке ашканда иштелип чыккан электр энергиясы сатылып, андан түшкөн каражат менен кабыл алынган финансылык милдеттенмелер толук жабылат. Муну менен өлкөнүн мамлекеттик бюджетине эч кандай оорчулук келбейт.

»Бала-Саруу» ГЭСи Кыргыз Республикасында мамлекеттик кичи гидроэнергетиканын локомотиви болот. Алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө тынымсыз аракет жана өжөрлүк менен долбоор өз убагында ийгиликтүү аяктайт деп ишенем.

Ушуга байланыштуу, бардык тийиштүү мамлекеттик органдарга Бала-Саруу объектисинин артыкчылыгына өзгөчө көңүл буруп, курулуш маселелерин ыкчам чечүү үчүн өз убагында эффективдүү чараларды көрүүнү тапшырам.

Ал эми Энергетика жана өнөр жай министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, ийгиликтүү жана сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилиги жүктөлөт.

Биз Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы өтө жогору экенин сыймыктануу менен айта алабыз. Себеби аны өнүктүрүү республиканын энергетикалык өнүгүү программасынын негизги стратегиялык максаты болуп саналат.

Өлкөбүздүн энергетикалык потенциалын элибиздин кызыкчылыгы жана бакубат жашоосу үчүн колдонушубуз кажет», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы учурда «Бала-Саруу» ГЭСинен тышкары, Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбоору, Токтогул ГЭСин жана Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо, Папан, Орто-Токой, Төрт-Көл суу сактагычтарында чакан ГЭСтерди куруу, ошондой эле Камбарата ГЭС-1дин жана Кара-Көл ГЭСинин курулуштарынын долбоорлору иштелип жатканын кошумчалады.

Ал бул долбоорлордун аякташы Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун толук чыңдаганга, бардык жарандарыбызды электр энергиясы менен толук камсыздаганга, ошондой эле эл аралык келишимдер боюнча электр энергиясын жеткирүү жаатындагы милдеттенмелерибизди аткарууга толук шарт түзөрүнө өзгөчө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында, Талас жергесинин күжүрмөн калкын Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси, ошону менен бирге өлкө үчүн стратегиялык мааниси бар чоң долбоордун ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий