• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров: Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар

Президент 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. «Тилекке каршы, Кыргызстанда абийирсиз инвесторлор чоң киреше издеп, элдин ишенимин кыянаттык менен пайдаланып, тиешелүү деңгээлде кам көргөндүн ордуна экологияга олуттуу зыян келтирген учурлар бар”,- деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда.

Ал улуттук мыйзамдарга ылайык, кыргыз бийлиги мындай мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп жатканын, ошону менен бирге маселен, зыяндуу калдыктарды коопсуз жайларга жайгаштырууну камсыз кылуу, таштандылар менен калдыктарды утилдештирүү сыяктуу экологиялык кесепеттерди өздөрү чечүүгө аргасыз болгонун өзгөчө белгиледи.

«Отуз жыл бою Кыргызстан туруктуу өнүгүү көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүнүн таасирин чечүү үчүн эл аралык аренада деңизге чыга албаган тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын активдүү илгерилетип келет.

Биздин демилгебиз менен БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 2002-жыл "Эл аралык тоолор жылы" деп жарыяланган, ошол эле жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити, ал эми 2018-жылы төртүнчү Дүйнөлүк тоо форуму өткөрүлгөн.

БУУнун Башкы ассамблеясынын учурдагы сессиясында «Тоолуу өлкөлөрдүн достор тобунан» биз 2022-жылды кайрадан Эл аралык тоолор жылы деп жарыялоону, Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча беш жылдык программаны бекитүүнү жана 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык саммитин чакырууну демилгелейбиз», - деп билдирди Президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий