• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров УКМКнын төрагасын жана орун басарларын дайындады

Кадр саясаты 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Ошондой эле Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалса, Рысбек Тургамбаев жана Улан Кимсанов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Ал эми Апсатаров Бекбосун Жакшылыкович УКМК төрагасынын биринчи орун басары рангындагы Антикоррупциялык кызматтын директору болуп дайындалды.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйруктарга президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий