• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жайдын ачылыш аземине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.11.20. /Кабар/. Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган көп батирлүү турак жайдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Садыр Жапаров жаңы батир ээлерин куттуктап, бул окуя милиция кызматкерлеринин жашоосундагы чыныгы маанилүү окуя экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал батирлерди бөлүштүрүү ачык-айкын, тийиштүү талаптарга ылайык жүргүзүлгөндүгүнө ишеним билдирди.

«Мен силердин көйгөйүңөр тууралуу жакындан билем. Айлык акылар төмөн, үй-бүлөнү багып, балдарды камсыздоо керек. Бирок сиздер 30 жыл чыдап келдиңиздер. Силерден белди бекем бууп, чыдап бериңиздер деп өтүнөм, элибиздин жана сиздердин көмөгүңүздөр менен биз коррупцияны жоюп, экономиканы өнүктүрүүгө багыт алабыз, анын жыйынтыгында сиздердин айлык акыңыздар да жогорулайт. Биздин алдыбызда чоң пландар турат. Биз ар-бир милиционерди турак-жай менен камсыздоого бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Биз сиздердин колдооңуздарга ишеним артабыз. Укук коргоо органдарына карай элдин ишенимин кайтаруу сиздердин колуңуздарда», -деди Жапаров.

Андан соң,Садыр Жапаров Кочкор райондук ички иштер органдарынын жаңы имаратынын ачылыш салтанатына катышты.

Белгилесек, Кочкор РИИБ 1950-жылы уюшулган жана имараты авариялык абалда турган, буга байланыштуу 2018-жылы республикалык бюджеттен имараттын курулушу үчүн 34 млн сом бөлүнгөн.

Жаңы эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга ылайык салынган, анда кылмышкерлерди издөө, алгачкы текшерүү жана тергөө жүргүзүү, участкалык өкүлдөр бөлүмүнүн, ыкчам-иликтөө маалымат тобунун кабинеттери каралган, ошондой эле имарат тийиштүү жабдуулар жана уюштуруу техникасы менен толугу менен жабдылган.

Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин толук кандуу иши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

«Кыргызстан калкынын бакубаттуулугу үчүн таза жана ачык-айкын иш алып барууну өтүнөм»,- деп жыйынтыктады сөзүн Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий