• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянды Армениянын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.

«Кыргызстан менен Армениянын ортосунда калыптанып калган достук мамилелер мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыктын мындан ары өнүгүшүнө жана евразия мейкиндигиндеги интеграциялоо процесстеринин тереңдешине өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Ваагн Хачатрянга бекем ден соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги Армения Республикасынын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий