• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров Владимир Путинге Пермьдеги окуя боюнча көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 20.09.21./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, Пермь мамлекеттик университетинде адамдар өлүмүнө алып келген окуяга байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге жана Россия элине көңүл айтты.

«Мамлекеттик Пермь улуттук изилдөө университетиндеги куралдуу кол салуунун натыйжасында адам курмандыктары орун алган окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын дилимден көңүл айтып, бул трагедияда жабыркагандардын бардыгына тез арада сакайышын каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын теллеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий