• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоорун алдыга жылдырууга убада берди

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоорун алдыга жылдырууга убада берди.

Анын айтуусуна караганда, пандемияда ыктыярчылар мекенчилдиктин, баатырдыктын, кайраттуулуктун жана адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөтүштү.

"Силер биз үчүн үлгү болдуңар. Республикада ыктыярчылык процессин мыйзамдаштыруу боюнча сунушуңарды толугу менен колдойм. Бир нече жыл мурда депутаттардын бири ыктыярчылар жөнүндө мыйзам долбоорун демилгелегендиги эсимде. Ал азыр коомдук талкууда Жогорку Кеңештин сайтында турат. Бул мен долбоорду алдыга жылдырам", - деп убада берди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий