• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 21.09.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, өлкөгө расмий сапары менен келген Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолукту.

Тараптар парламент аралык жана регионалдык эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мамлекет башчысы Өзбекстандын Парламентине парламент аралык жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын мартында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасы эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу ал Өзбекстан элин бул маанилүү окуя менен куттуктады.

Олий Мажлис Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Кыргызстанда Садыр Жапаровдун бардык тармактарда жүргүзүп жаткан реформаларынын натыйжасында болуп жаткан жакшы өзгөрүүлөрдү белгиледи.

Ошондой эле, Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жалпы кыргыз элине чын дилден бакубаттуулук каалоосун жеткирди.

Ал Өзбекстандын парламенти үстүбүздөгү жылдын мартында Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын ишке ашуусуна ар тараптуу көмөк көрсөтөрүнө ишендирди. Анын айтымында, мамлекеттик сапардын жүрүшүндө биргелешкен күн тартибиндеги бардык актуалдуу маселелерди чечүүгө мүмкүн болду.

Жолугушуу соңунда Президент Садыр Жапаров Танзила Нарбаевадан Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге жылуу салам айтууну өтүнүп, ошондой эле боордош өзбек элине тынчтык, бакубатчылык жана мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий