• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жапаров жаңы ички иштер министри Улан Ниязбековду жалпы жамаатка тааныштырды

Коом 0

Бишкек, 11.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы курамы тарабынан өкмөт башчылыкка шайлаган Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Улан Ниязбековду жалпы жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы башкармалыгынын, башкармалыгынын жана кызматтарынын башчылары катышты.

"Садыр Жапаров Улан Ниязбековду башкаруучулук иштерде тажрыйбалуу жаш кадр экендигин баса белгиледи. Улан Ниязбеков ыкчам кырдаалда кыраакылыгын көрсөткөн кесипкөй сабаттуу жетекчи. Мен анын уюштуруучулук жөндөмү менен тажрыйбасы алдына коюлган тапшырмаларды так аткарууга мүмкүндүк берет деп толук ишеним көрсөтөм. Өзүңүздөрдүн араңыздардан чыккан иш-тажрыйбасы бар кадрлардын бири. Сиздер дагы министриңерди жакшы кабыл алат деген ойдомун. Бүгүнкү күнү өлкөдө оор кырдаал түзүлүп калды. Башыбыздан үчүнчү төңкөрүштү өткөрүп жатабыз. Мына сиздер милиция кызматкерлери бул массалык башаламандыкка туруштук берип, анын алдын алууга, өлкөдө тынчтыкты, туруктуулукту сактап калууга чоң салымыңыздарды кошуп жатасыздар. Мен сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ички иштер министрлигинин өздүк курамына Кыргыз Республикасынын аймагында коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо, өлкөдө туруктуулукту сактоо боюнча тапшырмаларды аткарууда ийгиликтерди каалайм" - деп баса белгиледи ал.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин өздүк курамынын колдоосу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди толук актап, алдына коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий