• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров: Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров билдирди.

"Мен мыйзамдардын баарын карап чыктым. Бүгүнкү күнгө чейин мыйзам талаасынан чыкпайлы, мыйзамдуу жол менен кетели деп жатабыз. Мыйзамдын алкагынан чыкпайбыз. Президенттик шайлоо болушу керек. Ушул же кийинки жумада анын өтө турган күнүн белгилейбиз. Президенттик шайлоо 90 күндүн ичинде болушу керек. Азырынча парламентке бир мандаттуу жол менен шайланып келүүнү туура эмес көрдүм. Анткени мыйзам боюнча парламенттик шайлоо партиялык система менен өтүшү керек экен. Эгер аны өткөрбөй конституциялык реформага барабыз десек, анда мыйзам талаасынан четтеп кетет экенбиз. Жаңы парламент шайланып келгенден кийин конституциялык реформага барсак туура болот экен", - деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан.

Пикир

Оставить комментарий