• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жапаров жабыр тарткан баткендиктерге 2 айдын ичинде жаңы заманбап үй курулуп берилерин убадалды

Президент 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. Бүгүндөн баштап Баткен облусунун Максат айылында жана башка жапа чеккен айылдарда калыбына келтирүү боюнча курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өлкө башчы белгилегендей, бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак жайлар курулат. Курулуш иштерин эки айдын ичинде бүткөрүү болжолдонууда.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркаган.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 6-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий