• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жапаров: Жакында шайлоо тууралуу конституциялык мыйзам долбоору ЖК кароосуна жөнөтүлөт

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жакын арада шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

Жапаров таза шайлоо өткөрүүгө мамлекеттин күчү да, эрки да жетерин айтат.

“Бул жолку шайлоонун таза өтүшүн камсыздоо милдети турат. Анткени административдик кийлигишүүгө тыюу салганыбыз менен, добуштарды сатып алуу сындуу көрүнүштөр кечээги жергиликтүү шайлоолор маалында байкалды. Мындай көрүнүштөрдү түп-тамырынан бери жок кылабыз. Боршайком жергиликтүү шайлоолор боюнча адилеттүү чечим чыгарат деп ишенем. Биз добуш сатып алуу жолу менен шайланып келүү мүмкүн эмес экенин эскертип, мындан ары элге да, саясатчыларга да сабак болушун далилдешибиз керек”, - дейт өлкө башчы.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда үстүбүздөгү жылдын 11-апрелиндеги референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргызстандын жаңы Конституциясына кол койду.

Пикир

Оставить комментарий