• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев кызматташуу маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Телефондук баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары аймактык кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, коронавирус инфекциясы пандемиясынын жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-казак союздаштык мамилелерин жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы чыңдоого бар күч-аракетин жумшаарына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий