• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жапаров жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 13.06.21./Кабар/.Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Урматтуу жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин күнү — кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Жеңил өнөр жайы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу жана стратегиялык маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Текстиль, кийим тигүү, бут кийим өндүрүү жана булгаары иштетүү ишканаларынын жетекчилеринин жана жумушчуларынын күжүрмөн эмгегинин аркасында өлкөнүн социалдык-экономикалык потенциалы жогорулоодо.

Ата Мекендик жеңил өнөр жай продукцияларынын кеңири, сапаттуу жана жеткиликтүү ассортименти республиканын экспортундагы алдыңкы позицияларды кармап калууга, экспорттук негизги рыноктордогу суроо-талаптарды жана муктаждыктарды канааттандырууга мүмкүндүк берет.

Тармакта мурунку муундардын салтын сактап келген, жаңы технологияларды ийгиликтүү өздөштүргөн чыныгы патриоттор жана өз ишинин чеберлери эмгектенет, бул анын туруктуу өнүгүүсүнө жана ата мекендик товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Жеңил өнөр жай ишканалары республиканын эмгек рыногунда калкты олуттуу деңгээлде иш менен камсыз кылып, жарандардын жашоо сапатына оң таасирин тийгизүүдө. Тигүүчүлөрдүн, бычмачылардын, модельерлердин кесиби республикада эң көп талап кылынган адистиктердин катарына кирет. Ошону менен жакынкы мезгилде мамлекет тарабынан өндүрүштүн жаңы талаптарына жооп берген квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүү каралууда.

Коронавирус пандемиясынын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн экономикалык абалына терс таасирин тийгизди, бүгүн өнүгүүнүн траекториясы биздин өлкөнүн атаандаштык артыкчылыктарын максималдуу толук колдонууга багытталышы керек.

Мамлекет тарабынан ушул артыкчылыктуу тармакты колдоо боюнча иштер улантылат, ири долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөт, анын сапаттуу уюштурулушу он миңдеген жумуш орундарын түзүүгө жана анын өнүгүү деңгээлинин жаңы масштабдарына өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жеңил өнөр жайдын ар бир кызматкерине жана ардагерине ак ниет эмгеги, жалпы республиканын экономикасынын өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн зор ыраазычылык билдирем.

Сиздерге жана сиздердин жакындарыңызга бакты-таалай, бекем ден соолук, бакубат жашоо, жаңы өндүрүштүк ийгиликтерди жана пландарыңыздын ишке ашышын каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий