• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Садыр Жапаров ЖККУ саммитинде Афганистандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди

Президент 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Афганистан Ислам Республикасындагы кырдаал боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЖККУга катышуусу мамлекеттин тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналарын дагы бир жолу белгиледи.

«Биз ЖККУ алкагында мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгына чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары өзгөчө маани беребиз. Учурда чөлкөмдөгү болжонгус аскердик-саясий кырдаал чоң тынчсызданууну жаратууда жана ал тыгыз өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Өз тарабыбыздан, биз биргелешкен ишти өз ара колдоо духунда улантууга даярбыз жана уюмдун бардык мүчө-мамлекеттерин буга чакырабыз», — деп белгиледи ал.

Мамлекет башчысы ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон Афганистандагы азыркы кырдаалга олуттуу кабатырлануусун билдирди.

Ал биздин региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи.

Аны менен бирге ал кыргыз тараптын Афганистан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи.

Ошол эле учурда Мамлекет башчысы Афганистандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

«Биз Афганистандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий