• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаров: ЖККУ жана ШКУ региондогу коопсуздук жана стабилдүүлүктү бекемдөөнүн жалпы таанылган инструменти болуп саналат

Президент 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. «ЖККУ жана ШКУ региондогу коопсуздук жана стабилдүүлуктү бекемдөөнүн жалпы таанылган инструменти болуп саналат", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекет башчыларынын биргелешкен жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жана ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунун алкагында Афганстандагы кырдаал боюнча кылдат маектешүү болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров эки уюм тең терроризм, сепаратизм жана экстремизм коркунучтарын жок кылуу маселелери боюнча тыгыз өз ара аракеттенерин белгиледи. Президент белгилегендей, Кыргызстан бул өлкөдөгү аскердик-саясий жагдайдын өнүгүүсүнө байланыштуу дүйнө коомчулугунун терең тынчсыздануусун тең бөлүшөт. Анткени, Афганстандан биринчи кезекте Борбор Азияга туруксуздуктун ‚экспортунун‘ коркунучунун өсүшү байкалууда.

Ал географиялык жана геосаясий абалынан улам, Борбор Азия өлкөлөрү деструктивдүү күчтөрдүн аракеттери үчүн ыңгайлуу плацдармга айланышы мүмкүндүгүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Мындан сырткары Садыр Жапаров, калктын радикалдашуусу, мыйзамсыз миграция жана качкындардын агымы өңдүү потенциалдуу тобокелдиктер жана коркунучтар олуттуу кабатырланууну жаратарын белгиледи.

“Мунун баары бул тармакта коопсуздукту камсыздоо бүгүнкү күндө биздин өз ара аракеттенүүбүздүн маанилүү багыттарынан экенин дагы бир жолу тастыктайт. Буга байланыштуу биргелешкен координацияланган аракеттердин, атайын кызматтардын практикалык өз ара аракеттенүүсүнүн, мамлекеттик чекараны кайтарууну чыңдоо зарылдыгын белгилейм», — деп белгиледи ал.

Ошол эле учурда, президент Афганстан алдында бүгүнкү күндө турган эң маанилүү приоритет — бул өлкөдө стабилдүүлүк, бейпилдик жана тынчтыкты орнотуу болуп саналарын белгиледи. Президент белгилегендей, буга байланыштуу афган элинин өз мамлекетин калыбына келтирүүгө умтулуусун колдоо зарыл. Анын ичинде жардам көрсөтүү үчүн инженерлерди, дарыгерлерди жана башка зарыл болгон адистерди тартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү. Бул өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө кошумча дем берет.

Аны менен бирге, президент жыйын жүрүшүндө Афганстандагы кырдаалды турукташтырууга көмөк кылууга багытталган бир катар сунуштарды айтты. Негизинен, ШКУ жана ЖККУ мүчө-мамлекеттери менен Афганстандагы жаңы бийликтин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тез арада турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары тууралуу диалог жүргүзүү.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров биргелешкен аракеттер менен коопсуздуктун коркунуч жана чакырыктарына натыйжалуу каршы турууга, ошондой эле өз ара кызыкчылыктарды эске алып, ЖККУ жана ШКУ ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча кызматташтыкты ырааттуу кеңейтүүгө мүмкүн болоруна ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий