• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жапаров «Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу тартиби, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу принциптери, соттордун жана судьялардын ыйгарым укуктары, соттордун аппараттарынын жана алардын кызматкерлеринин ишин уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу жана каржылоо тартиби аныкталат.

Белгилей кетсек, бул мыйзамда Жогорку соттун карамагындагы маселелер боюнча мыйзам чыгаруу демилгелөө, ошондой эле Конституциянын 85-беренесинин 5 пунктунда аныкталган өз карамагында маселелер боюнча мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу укугу каралат.

Кабыл алынган мыйзамда, Жогорку соттун судьялары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен курагынын чегине жеткенге чейин шайланары, Жогорку соттун төрагасы Соттор кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымынын макулдугу менен Жогорку Кеңештин судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Президент тарабынан дайындалат, Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча президент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамга ылайык жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунуштамасы боюнча Президент тарабынан биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө, андан кийинкисинде курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий