• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жапаровду Казакстанга коштоп кеткендердин тизмеси

Президент 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Казакстанга мамлекеттик иш сапар менен кетти.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришкендей, мамлекет башчысын төмөнкү делегациянын курамы коштоп кетти:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— вице-премьер-министр — экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков;

— Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Жээнбек Кулубаев;

— коргоо министри Таалайбек Өмүралиев;

— айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев;

— энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Алмамбет Шыкмаматов;

— Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Мырзабек Жыпаркулов.

Пикир

Оставить комментарий